Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Өкмөт «Жунда» заводун иштетиши керек

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Окт 2019 | 757 | 0

Өкмөт Кара-Балта шаарындагы «Жунда» мунай заводун иштетиши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал аткаруу бийлиги «Жундага» керектүү чийки заттарды алып келип бериши керектигин белгилейт.

«Иран, Казакстан чийки зат беребиз деп жатышат. Кытайлар 10 миң жылдык план түздү. Алар: «Жунда» иштейт, товарлар ары-бери ташылганда Кыргызстандын аймагында биздин бир топ мекемелер иштей баштайт», — деп өздөрүнүн бизнесмендерин алып келип койду», — дейт Жапаров.

Ал мындан сырткары өкмөттүн кен казуу тармагын ордуна коё албай койгонун айтып, сынга алды.

«Кирешенин 30 пайызын кен чыккан айыл өкмөт, район, облуска бөлүп берүү зарыл. Өкмөт калган 70 пайызына тендер өткөрөбү.., эмне кылса ошол кылсын. Кирешенин 30%ы жергиликтүү бийликтин колунда болгондо аларды толугу менен көзөмөлгө алып, байкап турмак», — дейт депутат.

Жапаров кошумчалагандай, экологиялык жана экономикалык өнүгүү болушу керек. Экологияга зыян бир да объект иштебеши кажет.

Copyright © 2017 Maral FM