Биз менен байланышыңыз

Төш белги алган жаш мугалим Каныбек Исаковдун тууганыбы? Министрликтин жообу

Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 1022 | 0

Интернет булактарында «Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өзүнүн жакынына «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин ыйгарды» деген маалымат тараган. Министрлик бул боюнча билдирүү жасады.

Анда маалым болгондой, Каныбек Исаков менен мугалимдин эч кандай тууганчылык жайы жок. Сөз болуп жаткан Бактыгүл Жапар кызы төш белгиге Билим берүү жана илим министрлигинин сыйлыктар жөнүндөгү жобосуна ылайык, мыйзамдуу негизде татыган

Министрдин 2018-жылдын 12-февралындагы №157/1 буйругу менен бекитилген «Мекемелердин сыйлыктары жөнүндө» жобосунун пункттарына ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин Ички мекемелик сыйлыктар боюнча комиссиясы республикалык «Жыл мугалими» сынагында жана мугалимдердин республикалык жана эл аралык масштабдагы өткөрүлгөн сынактарында 1-2-3-орунду алгандарды, окуучулары республикалык жана эл аралык олимпиадалардан, дүйнөлүк жана Азия оюндарынан биринчи орунду жеңген мугалимдерди, республикалык же көз карандысыз рейтингдерде алдыңкы катарга чыккан кызматкерлерди билим берүү тармагынын өсүп-өнүгүшүнө, материалдык-техникалык базасын чыңдоого салым кошуп, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси жана «Ардак грамота» менен сыйлоого укуктуу.

Сөз болуп жаткан №50 Паиз Нышанов атындагы мектебинин география мугалими Бактыгүл Жапар кызы Ош шаарында өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими-2019» кароо-сынагынын жеңүүчүсү болгондугуна байланыштуу Ош шаардык Билим берүү башкармалыгынын сунушунун негизинде «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланды.

 

Copyright © 2017 Maral FM