Биз менен байланышыңыз

Билим берүү тармагындагы кыргыз-орус мамилеси

Билим-маданият | 15 Мар 2021 | 4855 | 0

Бүгүн Бишкекте Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Орусиянын Агартуу министри Сергей Кравцов билим берүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Жолугушууда Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда билим берүү тармагында кызматташуу тууралуу сегиз пункттан турган биргелешкен макулдашууга кол коюлганын министр Алмазбек Бейшеналиев белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду:

«Ал протоколдун биринчиси: Кыргызстандын аймактарында мектептерди салуу маселеси. Экинчиси: эки өлкө ортосунда тажрыйба алмашуу маселеси. Кыргызстанда 2025-жылы Эл аралык «PIZZA» жана башка дүйнөлүк сынактарга катышуу маселеси турат. Ал багытта Орусиянын тажрыйбасынан пайдалануу үчүн бир катар макулдашууларга бардык. Андан сырткары Кыргызстанда орус тилин жайылтуу жана орус тилдүү мугалимдерди даярдоо. Аймактарда орус тилдүү мугалимдердин билим сапатын жогорулатуу максатында Орусиянын педагогикалык багыттагы универитеттери менен бир катар иштер алып барылмакчы».

Мындан тышкары Бейшеналиев Орусия менен билим берүү тармагында жаңы барак ачылганын кошумчалады.

Орусиянын Агартуу министри Сергей Кравцов бүгүн Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Кызматташтык жөнүндө биргелешкен протоколго кол коюлганын, ал министрлердин деңгээлиндеги байланышты күчөтүүгө жардам берерин маалымдады. Ошондой эле тажрыйба алмашууну күчөтүү максатында Кыргызстандын мектептерине орус мугалимдерин тартуу программасын кеңейтүүгө даяр экенин, бүгүнкү күндө 29 орус мугалими Ош шаарындагы мектептерде иштеп жатканын белгиледи.

«Биздин 29 орус мугалими Ош шаарындагы мектептерде иштеп жатат. Алар ийгиликтүү иш алып барышууда. Кыргызстандын башка аймактарында жана райондорунда кайсы жерде муктаждык болсо, аталган долбоорду жайылтууну каалайбыз. Бул тажрыйбанын негизинде Кыргызстанга келип иштей турган мугалимдерди даярдоо боюнча Орусиянын Санк-Петербург шаарындагы Герцен атындагы жогорку окуу жайында атайын кафедра ачууну пландап жатабыз». 

Мындан тышкары Орусиянын Агартуу министри президент Садыр Жапаров менен жолугуп, эл аралык «Артек» балдар борборуна 150 орундук сертификат-жолдомо тапшырды.

Кыргызстан кайсы өлкөнүн болбосун, билим берүүдөгү күчтүү өнүгүү тажрыйбасын алууга өзү кызыкдар болушу керектигин жана Орусиянын жардамы менен салына турган мектептер толугу менен Кыргызстандын билим берүү саясатынын негизинде иштөөсүн талап кылуу зарылдыгын Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Догдургүл Кендирбаева айтат.

«Кыргызстан менен Орусиянын билим берүү жаатында ишмердүүлүгүн күчөтүү боюнча түзүлгөн жолугушууларын оң жагына баалайм. Анткени Кыргызстандагы сабатсыздыкты жоюуда, алдыңкы билим берүү технологияларын пайдалантууда жана ошондой эле Москва, Ленинграддан окуган алгачкы кыргыз адистерин түптөөдө Орусиянын таасири абдан эле маанилүү болгон. Андан сырткары Кыргызстандын 700-800 миңдей жараны чет өлкөдө эмгек миграциясында болсо, алардын эң көбү Орусияда эмгектенип жатат. Алардын эң негизги көйгөйү: орус тилин билбегендигинен төмөнкү акы алган кызматтарда иштеп жүрүшөт. Бул жаатта да жакшы деп ойлойбуз. Азыркы экономикалык абалда, билим берүү абалында каалагандай жерди тандап кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз азыраак болуп жатат. Конституцияда көрсөтүлгөн негизги баалуулуктарды өнүктүрүүгө багытталган жана кабыл алган мыйзамдын чегинде иш алып барып, адам ресурсун өнүктүрүүдө олуттуу салым кошо турган технологиялардын баары менен кызматташуу керек».

Мектептерде орус тилинде сабак өтүлүшүнө аймактарда ата-энелер өздөрү кызыкдар экенин мурдагы Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова белгиледи.

«Бул жерде орус тилин кандай саясатташтырып жатсак да, карапайым эл орус тилин үйрөнсүн. Анткени англис тилин үйрөткөнгө аймактарда адистер жетиштүү эмес. Орус тили экономикалык категория да болуп жатат. Ошондуктан мектеп ачабыз деген — эң жакшы нерсе. Мисалы, Нарында орус класстарда окуучулар көбүрөөк. Карапайым элдин да: «Балдарыбыз орусчаны кошо билсин», — деген ниеттери бар. Ошол эле учурда ачыла турган мектептерде «Газпром» мектебиндей чоң акчага турбай, жөнөкөй, карапайым адамдардын да балдарын кошо окутса жакшы болот эле». 

Ал эми Казакстандагы Назарбаев университетинин жогорку мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов агартуучу катары кандай окуу жай ачылса да колдой турганын, жаңы ачыла турган мектептер орус тилдүү эле эмес, кыргыз жана англис тилдерине да басып жасап, приоритет катары окутуп, Кыргызстандын мыйзамдары менен идеологияга жараша, андан соң дүйнөлүк баалуулуктар менен окутуу каралуусу керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM