Connect with us

Азамат Жаманкулов: Алымбек Датканын 220 жылдыгы белгиленет

Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 1680 | 0
Сүрөт "Акипресс" сайтынан алынды

Алымбек Датканын 220 жылдык мааракесин белгилөө ноябрь айына мерчемделип жатат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

«Алымбек Датканын 220 жылдыгына карата бир канча илимий-тажрыйбалык жыйындарды өткөрүү боюнча Ош облусу менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул иш-чара ноябрь айынын башына коюлду. Азыр биз Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн сунуштарды күтүп жатабыз», — деди министр.

Ошондой эле жыйында бул боюнча бир катар сунуш-пикирлер айтылды.

Алымбек Датка — 1799-жылы Алай өрөөнүндө туулган. 27 жашында Кокон хандыгына кызмат өтөп баштаган. 31 жашында жогорку даражалуу Датка чини ыйгарылган. Тоолук кыргыздардын башында турган адам катары Кокон хандыгына таасири абдан чоң болгон.

Анын эң негизги ишмердүүлүгү катары түндүк кыргыздар менен түштүк кыргыздарды бириктирип, бир хандык түзүүгө жасаган аракетин айтып келишет.

1862-жылы киши колдуу болуп каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM