Биз менен байланышыңыз

Сот залынан качып кеткен кылмыш топко тиешеси бар шектүү кайра кармалды

Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 538 | 0

Кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турган 30 жаштагы К.М. Бишкектин Октябрь райондук сотунан качып кетип, 10 айдан соң кайра кармалды.

Чүй милициясынын маалымат кызматы билдиргендей, шектүү 10 айдан кийин Бишкектен кармалды. Кармоо учурунда ал катуу каршылык көрсөткөн. Ага карабай, Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын кылмыштуу топко каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери атайын операция учурунда аны колго түшүрдү.

Учурда ал Октябрь райондук милициясына өткөрүлүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM