Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Ош архитектура башкармалыгынын «Бирдиктүү терезе» бөлүмү менен таанышты

Кыска кабар | 6 Окт 2019 | 411 | 0
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын «Бирдиктүү терезе» бөлүмүнүн иши менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев «Бирдиктүү терезе» тутумунун иштөө системасын тааныштырды. Бөлүм жарандардын арыздарын кабыл алат, «Бирдиктүү терезе» тутуму Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин борбордоштурулган программасына кошулган.

«Бюрократиялык процедуралар убакыттан уттуруп, жарандардын нааразычылыктарына алып келет. Карапайым жарандар, ишкерлер кандайдыр бир документтерди алууда ыңгайсыздыктарды сезбөөгө тийиш. Буга мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн алкагында мамлекеттик органдар тарабынан көп иштер багытталган», — деди премьер-министр.

Copyright © 2017 Maral FM