Биз менен байланышыңыз

Ошто белгисиз жарандар журналисттердин видео камераларын башка максатта тартып алышкан

Кыска кабар | 30 Сен 2019 | 541 | 0

Ошто «Азаттыктын» кабарчысына байланышкан окуя боюнча милиция тергөө-иликтөө ишин улантып жатат. Учурда окуя болгон үйдүн кошуналары да бул боюнча суралып жатат. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков «Маралга» билдирди.

Видео камераны тартып алгандар милицияга көрсөтмө берип, журналисттин каражаттарын тартып алышканын мойнуна алышкан.

«Бул чуулгандуу иш болгондуктан терең иликтөө жүргүзүлүп жатат. Азыр окуя болгон Супаналиев көчөсүнүн бир катар жашоочулары да күбө катары суралууда.  Журналисттердин видео камерасын тартып алгандар милиицияга көрсөтмө берип, журналисттин каражаттарын тартып алышканын мойнуна алышкан. Бирок аны тоноо, карактоо максатында эмес, жеке жашоосуна тоскоолдук кылгандыктан тартып алып, милицияга бериш үчүн жасаганбыз дешти«, — деп билдирди Замир Сыдыков.

Copyright © 2017 Maral FM