Биз менен байланышыңыз

10 жылкыны Бишкекке уурдап бараткан шектүү топту милиция кармады

Кыска кабар | 6 Янв 2020 | 1002 | 0

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) кызматкерлери мал уурулардын уюшкан тобун кармады. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Шектүүлөр 10 бээни жүк ташуучу автомашинага жүктөп алышып Бишкек шаарына бара жатышкан учурда колго түшкөн. Аларды Ош ШИИБнын Сулайман Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам жүргүзүлгөн иш-аракеттеринин натыйжасында 4-январь күнү эртең мененки саат 05 чамаларында кармашкан.

Шектүүлөр 1999-жылы туулган  Б.Т, 1978-жылы туулган  М.К, 1996-жылы туулган К.А. жана 1993-жылы туулган С.Ж.

Шектүүлөрдүн бирөө Ош шаарына караштуу Алмалык айылынын тургуну, калган үчөө Ноокат районунун тургундары болуп саналат.

Алардын арасынан 1993-жылы туулган жаран гана соттолгон эмес. Калгандары бир нече ирет соттолуп чыгышкан.

Кармалгандар мал-жандыктарды жайыттан уурдап кетишкендиктери тууралуу көрсөтмө берип жатышканын милиция белгилейт. Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, бул топ уурдалган жылкыларды Чүй облусунун мал базарларынын биринде сатууну же этке өткөрүүнү пландаштырышкан.

Учурда кармалышкандар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Топтун башка ушул сыяктуу кылмышка тиешеси бардыгын же, жоктугун тергөө амалдары аныктайт. Бул багытта Ош облустук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте иш алынып барылууда.

Жылкылардын айрымдары ээлерине кайтарылып берилип жатат. Мал ээлери уурулардын өз убагында кармалганы, мал-мүлктөрү кайтарылганы үчүн милиция кызматкерлерине ыраазычылыктарын айтышты. Негизинен, жылкы ээлери Ноокат районунан келишүүдө.

Ош шаардык соту шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карайт.

Copyright © 2017 Maral FM