Биз менен байланышыңыз

Кадамжай милициясы мал уурдаган топту колго түшүрдү

Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 789 | 0

Баткен облусунун Кадамжай районунда мал уурулардын тобу кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Аталган райондун Үч-Коргон айыл аймагынан бодо малдарды уурдап союп, этин сатып жүргөн топ кармалды. Алар Кадамжай райондук милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө колго түшкөн.

Кызыл-Кыя шаарынын 27 жаштагы П.К. аттуу тургуну жана Ноокат районунун тургуну И.Ш. аттуу 31 жаштагы аял, Үч-Коргон айылынын 27 жаштагы А.Н. аттуу тургуну Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып кармалып, ал эми Үч-Коргон айылынын 27 жаштагы Н.О. аттуу тургуну Бишкек шаарынан аныкталып кармалып келди.

Тергөөнүн жүрүшүндө 3 эркек киши жана 1 аялдан турган бул топ Үч-Коргон айыл аймагында жасаган жалпысынан 5 фактысы, башкача айтканда, 10 баш бодо малды уурдаганы аныкталды.

Шектүүлөр уурдалган малды Кызыл-Кыя шаарындагы ээн талаага алып барышып союп, этин эт саткан дүкөндөргө, ашканаларга өткөрүп жүрүшкөн. Кармалган жарандар учурда убактылуу кармоо жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, Үч-Коргон айыл аймагынын жашоочулары ушул жылдын июнь айларынан бери бодо малдары уурдалган фактылар көбөйгөнүн билдирип, буга чара көрүү үчүн милицияга кайрылышкан. Жергиликтүү тургундар белгисиз адамдар тарабынан түн ичинде элдин сарайынан, үлүш жеринде байланып турган жеринен мал уурдалып жаткандыгын билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM