Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Акыркы тогуз айда 2500дөн ашуун бодо мал уурдалган

Кыска кабар | 2 Ноя 2021 | 409 | 0

9 айда ички иштер органдарынын өндүрүшүндө мал уурулук боюнча 1137 материал катталган. Аталган мезгилдин ичинде 2500дөн ашык бодо мал уурдалган.

Катталган фактынын негизинде жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында мал уурулук боюнча 902 кылмыштын бети ачылып, 366 (мунун ичинен 187си мурда да соттолгон) уурулукка шектүү кармалган. Мал уурдоо менен алектенген 87 уюшкан топ кармалган, алар 274 кылмышты жасоого шектелишүүдө. Андан тышкары 11 уюшкан топ жок кылынган.

22-24-октябрда ички иштер органдары тарабынан «мал уурулук» рейддери өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө 70 мал союучу цех, 19 колбаса жасаган цех, 44 мал базар, ошондой эле эт сатып алуу жана сатуу менен алектенген жарандар, терилерди кабыл алуучулар текшерүүгө алынган.

Жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы менен бети ачылган 160 кылмыштын 17си мал уурдоо боюнча болгон. Анын негизинде шектүү катары 9 адам камалган.

Мындан тышкары издөөдө жүргөн, бир нече жолу соттолгон Жалал-Абад облусунун тургуну кармалган, ал мал уурулук боюнча 5 фактыга шектелип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM