Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы: 60 уйду мыйзамсыз жүктөп келаткандар кармалды

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 353 | 0

Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак чек арасынын көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы мыйзамсыз аракеттерге бөгөт койду.

Маалым болгондой, «Ак-Тилек» пунктунан 3 жүк ташуучу унаа токтотулган. Алардын биринен жалпы баасы 150 рубль турган 120 дөңгөлөк жана 60 уй, калган эки унаанын ар биринен 6 тоннадан коон табылган. Ташылып келаткан товарлардын уруксат кагазы жок болгон.

Бузуулар боюнча материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Ушул жылдын 7 айынын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды ташып келүүдө бузуу фактылары аныкталган 1 миң 83 материал мобилдик топко өткөрүлүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM