Биз менен байланышыңыз

«Туура эмес эсептер каржылык бузууларга көп себеп болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Июн 2019 | 594 | 0

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов «Марал» радиосуна берген маегинде туура эмес жүргүзүлгөн эсептер каржылык мыйзам бузууларга көп себеп болорун билдирди.

Анын айтымында, мамлекетке карыз болгон ишканалар эсепти туура эмес жүргүзсө, кирешеси аз көрсөтүлөт.

«Каржылык мыйзам бузуулар аныкталган соң, акча мамлекетке накталай да түшөт. Алсак, кайсы бир мамлекеттик органга бюджеттен ашыкча каражат бөлүнүп калса, аны кайтартабыз. Айрым жерлерде эсеп так жүрбөй, мамлекетке миллиарддаган  каражат түшпөй калат. Аларды резерв катары көрсөтөбүз. Алсак, өткөн жылы бюджеттин аткарылышында 8 млрд сомдук жоготуу аныкталган», — дейт Марипов.

Ал белгилегендей, Эсептөө палатасы текшерүүлөрүн алдын ала пландаштырат. Өзгөчө тобокелчилик көп жерлерге басым жасалат. Айыл өкмөттөр бюджети аз болгондуктан, 3-4 жылда бир текшерилет. Ал эми казынасы чоң маморгандар, министрликтер жыл сайын текшерилет.

Copyright © 2017 Maral FM