Биз менен байланышыңыз

Марипов каржылык мыйзам бузуу көп катталган органдарды атады

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Июн 2019 | 709 | 0

Өткөн жылы Кыргызстанда 2 млрд 321 млн сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 1 млрд сомго көп. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2 млрд 321 млн сомдун 1 млрд 621 млн сому мамлекетке кайтарылышы керек болгон каражаттар. Анын 65 %ы кайтарылды.

«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясында 496 млн сом, курулуш тармагында 226 млн сом, Транспорт министрлигинде 242 млн сом, акыркы 2 жылда Бишкек мэриясында 417 млн сом каржы бузуу аныкталган. Ал жалпы каржы бузуунун 18 %ын түзөт.

«Кызматкерлер текшерүү объектисине барганда, жакшы ниетте барышы керек. Мыйзам бузууларды оңдоп, алдын алышы керек. Бирок ага карабай, мүнөздүү каржы бузуулар болууда. Мыйзам бузууга каршы бир гана мамлекеттик органдар эле эмес, коом да жардам берип иштеши керек. Ички аудитти күчөтүү зарыл. Жыл ичинде ар бир квартал сайын алар текшерип турушу керек, кемчиликтерди жоюп, алдын алышы зарыл», — дейт Марипов.

 

Copyright © 2017 Maral FM