Биз менен байланышыңыз

Ошто милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштады

Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 700 | 0

Бүгүндөн тарта Ош шаардык милициясы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн тартиптеги кызмат өтөөгө киришти.

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, «Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатын утурлай милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн.

«Мындай чечим коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Шаардагы маданий иш-чаралар өтүүчү коомдук жайлар көзөмөлгө алынат. Мындан тышкары, Ош шаарынын тургундарына жана конокторуна салтанат күндөрү иш-чаралар өтүүчү аймактарга жакын жайгашкан айрым көчөлөр убактылуу жабыларын да эскертебиз», — дейт ал.

Эске сала кетсек, эртең, 20-апрель күнү Ош шаарында «Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатынын расмий ачылышы болот.

Ош шаары  «2019-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланган. Мындай чечим былтыр 18-декабрда Түркиянын Кастамону шаарында өткөн эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун курамындагы өлкөлөрдүн Туруктуу кеңешинин 36-отурумунда бир добуштан кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM