Биз менен байланышыңыз

«Азаттык» прокуратура менен ИИМге кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 4 Окт 2019 | 476 | 0

«Азаттык Медиа» мекемеси коопсуздук маселесинен улам «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салып, жабдууларын тартып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин Ош шаарынан Бишкек шаарына которуу өтүнүчү менен Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго жана Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге арыз жөнөтүштү. Бул тууралуу «Азаттык» сайты жарыялады.

Маалыматка ылайык, «Азаттыктын» оператору учурда Бишкектеги ооруканалардын биринде медициналык жардам алып жатат. «Азаттык» буга чейин да Айбек Кулчуманов менен Оштогу аймактык кабарчысы Ыдырыс Исаковдун коопсуздугуна байланыштуу Ички иштер министрлигине (ИИМ) кайрылган.

Мындан сырткары, «Азаттык Медиа» мекемеси Ош шаарындагы укук коргоо органдарына айрым бир кызыкдар тараптардан басым болуп, бул жагдай тергөөнүн жүрүшүнө таасир этиши мүмкүн деп кооптоно турганын билдирген.

Эске салсак, 28-сентябрда Ош шаарында «Азаттык» радиосунун оператору Айбек Кулчуманов аталган үйдүн айланасында телеберүү тартып жүргөндө анын колундагы техникасын, документтерин жана автоунаасынын ачкычын тартып алышкан. Окуяны Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы териштирүүдө. Техника милицияга берилген. Дарыгерлер оператор Кулчумановдун саламаттыгын текшерип, ал дарыланышы керек экенин билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM