Биз менен байланышыңыз

Токтогулдан 101 кг марихуана кармалды

Кыска кабар | 7 Фев 2020 | 681 | 0

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айылынан наркотикалык заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү катары 42 жаштагы С.А. кармалды. Бул тууралуу  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Шектүү көрсөтмөсүндө наркотикалык заттарды бекиткен үйдү көрсөтүп берген. Үйдү күбөлөрдүн катышуусунда кароо учурунда жалпы салмагы 101 килограмм 335 грамм болгон наркотикалык заты табылып алынган. Алынган зат марихуана наркозаты экендигин атайын экспертиза аныктады.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү наркозатты сатуу максатында өзү чогулта тургандыгын айткан.

Кылмышка шектүү С. А. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинип, Жазык кодексинин 267- жана 268 беренелерине ылайык (баңги заттарын сатып өткөрүү максатында сактоо) сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, жаза процессуалдык кодексинин 98-99-беренелерине ылайык шектүү катары 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмышка шектүү С.А. 1978-жылы Токтогул районунда туулган. Мурда үч ирет соттолгон.

Copyright © 2017 Maral FM