Биз менен байланышыңыз

Тогуз-Тородо 33 кг марихуана даярдаган төрт адам кармалды

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 612 | 0

Ушул жылдын 23-июнунда Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө «ГАЗ-3110» унаасын айдаган белгисиз жарандар Тогуз-Торо районунун аймагына келишип, баңгизатын даярдап жатышат» деген маалымат түшкөн.

Маалымат дароо Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, сотко чейинки иликтөө-териштирүү башталган.

Натыйжада Нарын шаарынын тургундары 1986-жылы туулган Э.Р., 1990-жылы туулган О.Р., 1991-жылы туулган А.Б. жана 1992-жылы туулган А.Д. колго түшкөн. Тинтүү учурунда алардын жанынан 5 кап өзгөчө кескин жыты бар жашыл-күрөң түстөгү зат табылган. Соттук-химиялык экспертиза алынган өзгөчө зат 33 килограмм 369 грамм салмактагы марихуана экенин аныктап берген.

Жогорудагы төрт жаран 98-99-беренелердин негизинде 48 саатка Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тогуз-Торо райондук сотунун 25-июндагы токтомунун негизинде Э.Р. жана А.Б. 2 айлык мөөнөткө үй камагына бошотулуп, О.Р. жана А.Д. 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайда калтырылган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM