Биз менен байланышыңыз

Чүй облусунун тургунунун үйүнөн «марихуана» табылды

Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 551 | 0

Чүй облусунун тургунунан үйүнөн 1 килограмм 174 грамм салмактагы марихуана табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун 37 жаштагы тургуну К. С. аттуу жарандын үйүнө текшерүү жүргүзүү учурунда 1 килограмм 174 грамм салмагындагы майдаланган баңгизат табылган.

Эскпертизанын жыйынтыгы менен табылып алынган баңгизаттын 174 граммы «марихуана» экени аныкталды.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Жазык кодексинин 267-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM