Биз менен байланышыңыз

Милициянын атайын кызматы үч айда 790 кило наркозат кармады

Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 588 | 0

Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы үч айда 790 килограммдан ашык баңгизаты менен прекурсорду колго түшүргөн.

Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Алардын ичинде: 8 грамм героин,  54 килограммдан ашык гашиш, 235 килограммдан ашык марихуана, 650 грамм спайс жана 457 килограмм уулуу зат бар.

Мындай көрсөткүч ИИМдин бул багытта иш алып барган ири державалардын министрликтери, эл аралык уюмдар, компетенттүү органдар менен тыгыз кызматташуусунун негизинде камсыздалган.

Андан сырткары, үч ай ичинде Кыргыз Республикасынын БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 365  баңги кылмышы катталган.

Милиция баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактысы боюнча белгилүү болгон маалыматтар тууралуу КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын нөөмөт бөлүгүнө (0312) 66-02-44 номурлары аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM