Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Атамбаевдин жактоочулары иш менен таанышууну создуктурушууда

Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 638 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары иштин материалдары менен таанышууда убакытты созуп жатышат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы шектүүгө жана анын коргоочулары Сергей Слесарев менен Замир Жоошевге ушул жылдын 30-августунда тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө жарыяланганын билдиришкен. Ал эми 2-3-сентябрь күнү жактоочулар ар кандай шылтоолорду айтып, кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга келишкен эмес.

4-сентябрда шектүү Алмазбек Атамбаев жана анын коргоочулары тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө жарыялаган токтомго кол коюудан баш тартышкан. Ошол эле күнү жактоочулар Сергей Слесарев менен Замир Жоошевге 5-сентябрда саат 09:00гө иштин материалдары менен таанышууга келүүлөрү үчүн маалымдама тапшырылган.

5-сентябрда жактоочу Замир Жоошев иштин материалдары менен эки саат ичинде таанышса, ал эми жактоочу Сергей Слесарев бир саат убакытта таанышып бүткөн.

Алмазбек Атамбаев менен анын коргоочулары иштин материалдары таанышууну созуп жаткандыгына байланыштуу, 5-сентябрда Жазык Кодексинин 244-беренесинин 4-бөлүмүнө ылайык 6-сентябрдан 11-сентябрга чейин иштин материалдары менен таанышуу үчүн убакытты бекитүү жөнүндө токтом чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM