Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Атамбаевди күч менен кармоо боюнча буйрук жок

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 762 | 0

Ички иштер министрлиги «мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күч менен кармоого буйрук берилген» деген маалыматты жокко чыгарды.

«Бизде андай маалымат жок. Биз аны чакырганыбыз чын. Эмне үчүн мындай билдирүүлөрдү таратып жатканы бизге белгисиз. Бул жалган маалымат«, — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева мурдагы президентти күч менен кармап кетүү пландалып жатканы тууралуу маалымат тараганын, аны ишеничтүү булактардан укканын өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Кечээ мурдагы президент үчүнчү ирет ИИМге суракка чакырылган. Бүгүн саат 10:00дө ал ИИМдин тергөө кызматында сурак бермек. Суракка келген эмес.

Атамбаевге сурак берүү үчүн билдирүү кагазы биринчи жолу 8-июлда, андан кийин 10-июлда келген.

Бирок Атамбаев: «Азыркы бийлик укуктук талаадан чыгып кетти», — деп, тергөөчүнүн сурагына барбай турганын айтып келет.

Copyright © 2017 Maral FM