Биз менен байланышыңыз

Токтогулда айылдык кеңештин талапкеринин аттестаты жасалма экени аныкталды

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1985 | 0

Токтогул районунун Торкен айылдык кеңешине талапкер 1978-жылы туулган Т.А.нын орто билими тууралуу аттестаты жасалма экени аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 2021-жылдын 23-мартында Токтогул районунун Торкен айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн 1962-жылы туулган А.Г., 1978-жылы туулган Т.А. жана 1977-жылы туулган Т.Ж.лардын аттестатынын жана дипломунун аныктыгын текшерип берүү үчүн райондук шайлоо комиссиясына кат келген.

Мунун негизинде Токтогул РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 359-беренесинин (жасалма документ) негизинде териштирүү башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө А.Г.нын БА № 200624524 номерлүү аттестат алганы жана Т.Ж.нын Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик техникалык окуу жайын «Газоэлектросварщик», «С» категориясындагы айдоочу» кесиби боюнча окуунун толук курсун аяктап, диплом алганын райондук билим берүү бөлүмү тастыктаган.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM