Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда депутат айымдардын саны 11 пайыздан аша элек

Кыска кабар | 21 Дек 2018 | 1340 | 0

Кыргызстанда айылдык кеңештердин депутаттарынын 10 пайызын гана айымдар түзөт. Бул көрсөткүч өткөн жылкыга салыштырмалуу 1%га өскөн. Мындай жыйынтык Материал Дата мектеби жана Кыргызстандагы “БУУ-Аялдар” түзүмү жүргүзгөн изилдөөсүнүн натыйжасында белгилүү болду.

Ал эми шаардык кеңеште Ар бир төртүнчү айым депутат болуп саналат. Изилдөөнүн жыйынтыгында айымдардын балдарга жана үйгө кам көрүп, эркектер акча табышы керектигин колдогондор 81%ды түзгөн.

Ал эми 78 пайызы айымдарга караганда эркектерден мыкты лидер чыгат деп эсептешкен.

Анда Жогорку Кеңеште да депутаттардын жыныстык теңдигин сактоодо мыйзам бузулуп жатканы айтылган. Себеби мыйзам боюнча эл өкүлү аталган айымдардын саны 36ны түзүп, жалпы депутаттардын 30 пайызын түзүшү керек. Учурда 22 айым депутат бар.

Кошумчалай кетсек, соңку үч жылда бүткүл өлкө боюнча депутат аялдардын саны 11 пайыздан ашпай келет. Кыргызстандагы 8700 эл өкүлүнүн арасында саны миңге жетпеген аял депутаттар бар.

Copyright © 2017 Maral FM