Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,2 млрд метр кубду түзөт. Бул былтыркыга караганда, 256 млн метр кубга аз. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг компаниясынын жыйынында айтылды. Анда көрсөтүлгөн көлөмдөгү суу кыштан чыгууга, жаз келгенге чейин жетиштүү экенин билдиришти.
Ушул тапта суунун агымы секундасына 296 метр куб, чыгаша секундасына 361 метр кубду түзөт. Ал эми ушул жылдын 3-октябрында суунун көлөмү 19 млрд 293 млн метр кубду түзүп, суунун агымы 281 метр куб, чыгаша секундасына 347 метр куб болгон.