Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда сайларды бөгөп, суу сактагыч куруу пландалууда

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 286 | 0

Жалал-Абад облусунун аймагында жазгы талаа иштерине жетиштүү суу камдоо аракеттери көрүлүүдө. Бүгүн, 25-январда бул багытта президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев тийиштүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Сузак районунун Курманбек айыл өкмөтүндөгү Көк-Арт дарыясына куйган кичи сайларды жеринен көрүп чыкты.

Бул жылдагы жаан-чачындын аз болушу, аба ырайынын өзгөрүүсү суунун тартылуусуна алып келген. Мындан улам дыйканчылык иштерге кедерги келтирбөө үчүн сайларды бөгөп, суу камдоо пландалды.

Алдыда бул багытта атайын комиссия түзүлүп, белгиленген жайларга изилдөө жүргүзүлөт. Алар чыгарган чечимдердин негизинде кайсы сайга суу сактагыч курса болору такталат.

Сыргабаев сайларга 5 млн куб метрге чейин суу сактай алган дамбаларды куруу каралып жатканын айтып, түзүлө турган комиссияга суу тартыштыгына жол бербөө чараларын убагында көрүү тапшырмасы берилерин билдирди.

Эгер бул план ишке ашып калса, Курманбек айыл аймагындагы 18 миң гектар жер суу менен камсыз болот.

Copyright © 2017 Maral FM