Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Тажикстанга ГЭС курат

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Янв 2020 | 728 | 0

28-январда Өзбекстандын Ташкент шаарында Тажикстандагы Зарафшан дарыясына суу сактагыч куруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министринин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, проекттин биринчи баскычында күчү 140 МВт, баасы 282 миллион долларды түзгөн Яван суу сактагычы курулат. Ал эми экинчи баскычта, күчү 135 МВт, баасы 270 миллион доллар болгон Фандарьядагы ГЭС курулмакчы.

Суу сактагычтар саатына 1,4 миллиард кВт электр энергиясын иштеп чыгып, Өзбекстандын муктаждыгын камсыздары мерчемделди.

Эске салсак, Тажикстандагы суу сактагычтын курулуш иштери Өзбекстандын катышуусу 2018-жылы эки өлкө башчылары Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмондун жолугушуусунда макулдашылган.

Өзбекстанда дайыма суук түшкөндөн тарта энергетикалык кризис башталат. Учурда Өзбекстанда электр энергиясын тартыш болгондуктан, өлкө электр энергияны Кыргызстан менен Тажикстандан импорт кылууга мажбур болуп келет.

Copyright © 2017 Maral FM