Биз менен байланышыңыз

5 миңдей үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт

Коом | 22 Мар 2019 | 1101 | 0

Былтыр өлкө боюнча 99 Өзгөчө кырдаал катталып, 18 адам каза болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кабарлашынча, бул 2017-жылга салыштырмалуу 77%га аз. Бирок өкмөткө өткөн жылга салыштырмалуу 14%га көбүрөөк чыгым алып келген. Министрлик бул тармактагы жагдайлар боюнча 22-мартта маалымат жыйын берди.

Курманбек Сулайманов — Өзгөн районунун Аюу айылынын тургуну. Эң көп өзгөчө кырдаал катталган аймакта жашайт. Буга чейин сел, көчкү деле болбогонун, акыркы эки жылда гана коркунуч катталгандыктан аларды көчүрүү чечимин чыгарганын айтат. Бирок аталган айылдын тургунунда жашап жаткан жеринен көчүү ою жок.

-Биздин айылдын үстүндө 2-3 чакырым жерди оңдоп кетишкен. Ошондон бери көчкү боло элек. Негизи биздин жерде мурун коркунуч жок болчу. Эки жыл мурун каттуу көчкү болуп, тизмеге кирип калганбыз. Азыр жакшы. Мен жана менин үй-бүлөм көчкөнгө каршыбыз.

Жыл сайын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өкмөттөн 1 млрд 800 миң сом бөлүнөт. Анда аталган министрлик аба ырайын калыбына келтирүүгө жана өзгөчө кырдаалдар иштерин алдын алууга жумшайт. 2018-жылдын маалыматына таянсак, 4808 өрт иштери катталып, 59 адам каза болгон, 150 адам сууга чөгүп, 2017-жылга салыштырмалуу 8 адамга көп болгонун Өзгөчө кырдаалдар министринин статс-катчысы Азамат Мамбетов айтты.

— Жалпысынан 4732 үй-бүлө бүгүнкү күндө кооптуу участкаларда жашап келет. Анын 2120сы учурда судаларды ала элек, кезегин күтүүдө, бирок тизмеге кирген. Ал эми өкүнүчтүүсү, 2612 үй-бүлө ссудасын да алган, жер тилкесин да алып, бирок өзүн жакындарын да кооптуулукка дуушар кылып, ошол участкаларда жашап келүүдө. Бул боюнча да иш-чаралар жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар көп катталган жердин тизмесинде Сузак району да бар. Алсак, ал жактан 1648 адамды көчүрүү чечими чыккан. Анын ичинен 831 адам көчүүгө каршы. Жыл сайын айыл өкмөтү тарабынан түшүндүрүү иштери жүрүп турат. Мындан улам айылдарды сел, суу ташкындардан сактоо, алдын алуу иштери башталганын аталган райондун акими Эрмекбай Омошев «Маралга» кабарлады.

-Бүгүнкү күндө 1648 адамды көчүрүп чыгуу каралган. Көчпөй жаткандардын саны 831. Бардык жерлерде түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Быйыл дагы көчпөй жаткан үй-бүлөнүн 421 адамына биз тараптан эскертүүлөр берилип келди. Мындан сырткары райондук мамлекеттик администрация тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына эскертүүлөр берилди. Жазында сел, суу ташкындары күч алган мезгил болот. Айыл өкмөттөр тарабынан 13 чакырым сел каналдар тазаланды. Бүгүн да мындай иштер кызуу жүрүп жатат.

Ош облусунун Өзгөн районунда да буга чейин жер көчкүлөрү орун алып келген. Анда кооптуу жерде жашагандар үчүн жер тилкеси бөлүнгөн. Бирок ал жерден тарыхый мурастар чыккан үчүн ишти токтотууга туура келген. Бүгүнкү күндө кайрадан көчүрүү иштери башталып, 1039 үй-бүлө үчүн 10 гектар жер ар бир үй-бүлө үчүн 8 сотыхтан бөлүнүп берилди.

Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандар үчүн атайын мобилдик тиркеме чыгарды. “112  Кыргызстан” деп аталат. Тиркемеде өзгөчө кырдаалдар учурунда эмне кылыш керектиги жана кимге кайрылуу тууралуу маалыматтар бар. Мындан тышкары жабырлануучуга тез жардам керек болуп жатса, аталган тиркемеге кабарлап койсо, анда жакын жердеги тез жардамчылар келет. Учурда “112 Кыргызстан” тиркемесин интернеттен көчүрүп алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM