Биз менен байланышыңыз

Президент башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 835 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-майда, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов прокуратура органдарынын иши жөнүндө отчет берип, прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен 2019-жылы 36 миңден ашуун мыйзам бузуу аныкталып, прокуратура органдары тарабынан укук бузууларды калыбына келтирүү боюнча чаралар көрүлүп, мамлекеттин пайдасына 1 миллиарддан ашуун сом кайтарылгандыгын белгиледи.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин жана Сот реформасы боюнча кеңештин чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө айтып берди.

Сооронбай Жээнбеков прокуратура органдары тарабынан өлкөдө мыйзам үстөмдүүлүгү жана мыйзамдуулуктун бекемделиши сөзсүз түрдө камсыз болушу керектигин белгиледи. Мамлекеттик бийлик органдарында, укук коргоо органдарында коррупция менен күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктарга карабастан, соттук-укуктук реформаны жүзөгө ашыруу боюнча иштерди улантуу чараларын күчөтүү зарылдыгын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM