Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратуранын 30 кызматкери жазаланды

Кыска кабар | 18 Фев 2020 | 707 | 0

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратура 30 кызматкерин мыйзам бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартты. Тиешелүү буйрукка өлкөнүн Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов кол койду. Бул тууралуу аталган органдын маалымат бөлүмү билдирди.

24 прокурорго сөгүш жарыяланды. Алардын арасында Ош жана Бишкек шаарларынын прокурорлору да бар.

Мындан сырткары, прокуратура органынын 4 кызматкерине мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн эскертүү берилип, 7 кызматкери эскертүү алды.

Чүй облусунун Жайыл районунун прокурору кызматынан төмөндөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM