Connect with us

Бизнести коргоого багытталган сунуштар

Кыска кабар , Экономика | 13 Фев 2020 | 918 | 0

Кыргызстанда ишкерлерди негизсиз текшерүүлөр дале уланууда. Бизнеске  коррупция, саясий туруксуздук, бюрократия тоскоолдук жаратып келет. Курулуш тармагындагы тоскоолдуктар бизнестин өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жатат. Бул тууралуу Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин алдындагы Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйында белгилүү болду. Отурум президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында өтүп, талкуунун жүрүшүндө өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү инвестициялык климатты жакшыртуу маселелерин, текшерүүчү, укук коргоо жана сот органдары менен иштешүү учурунда өздөрү туш болгон көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Жээнбеков көйгөйлөрдү системалуу чечкенге көмөктөшөрүн белгиледи.


Өлкөдө Бажы тармагында ишкерлерди тейлөө жөнөкөйлөштүрүлүп, бажы төлөмдөрүн онлайн тастыктоо системасы киргизилди. Кызмат көрсөтүүдө адам факторун жоюу максатында санарип технологиялар киргизилип жатат. Ошондой эле элет жериндеги ишкердикти колдоо үчүн салыктык жеңилдиктер берилип, айыл чарба продукциясын кайра иштеткен ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскартылды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин алдындагы Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин II жыйынында төмөнкү сөздөрүн айтты:

— Былтыр элет жеринде ишкердикти колдоо боюнча бир катар иштер жасалды. Айыл чарба продукциясын кайра иштеткен ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскартылды. Айыл чарба кооперативдери, соода-логистикалык борборлору, машина-трактордук станциялары үчүн мүлк салыгы 50 пайызга азайтылды. Пайдага болгон салыктан булар таптакыр бошотулду. Айылдарда ачылган жаңы өндүрүш ишканалары 5 жылга кирешеге, пайдага, жерге, мүлккө болгон салыктардан бошотулду. Жеңил өнөр жай тармагындагы 50дөн ашык кызматкерлери бар ишканалар үчүн социалдык төлөмдөр 27 пайыздан 12 пайызга чейин азайтылды.

Жээнбеков мамлекет тарабынан жасалып жаткан арбын аракеттерге карабастан, региондорго инвестиция тартуу иши талаптагыдай болбой жатканын белгиледи. Анын баамында, узак макулдашуу процедуралары ишкерлерди жана инвесторлорду кошумча чыгашаларга кириптер кылууда. Курулуш тармагындагы тоскоолдуктар бизнестин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө. Мындай көрүнүштөрдөн улам курулушка уруксат алуу боюнча Дуинг бизнес рейтингинде Кыргызстан акыркы төрт жылда 20-орундан 90-орунга ылдыйлап, төрт жылда 70 позицияга ылдыйлап кеткен.

Президент бул жагдайга байланыштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин дарегине:

— Курулуш тармагындагы тоскоолдуктар бизнестин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө. Мисалы, 100 батирлүү үйдү салыш үчүн курулуш компаниясы орто эсеп менен 50гө жакын макулдашууларды өткөрүү керек. 12 ар кандай экспертизадан өтүп, 100гө жакын кол чогултуу талап кылынууда. Абдиев, мунун баарын атайын кылып жатасыңар да. Сен кызматка келген соң тармак артка кетти. Иштей албасаң кет да, элди да, бизнести дакыйнабай. Мен бул боюнча премьер-министрге да айтам, — деп агенттиктин жетекчисинин ишмердүүлүгүнө өз баасын берди. 

Комитеттин 2019-жылдын 24-июнунда өткөн биринчи жыйынында кабыл алынган чечимдерге ылайык, бизнес өкүлдөрү жана аймактардагы инвесторлор менен жолугушуулар уюштурулуп, аларды түйшөлткөн көйгөйлөр аныкталды. Алсак, Кыргызстанда ишкердик кылууга коррупция, өлкөдөгү саясий туруксуздук, салык жол жоболору, каржы булактарына жетишүү мүмкүнчүлүгү сыяктуу бир топ факторлор тоскоолдук жаратууда. Бизнестин бийликке болгон ишеними 27%, ал эми дүйнөлүк орто көрсөткүч 41%ды түзөт. Бул тууралуу Комитеттин төрагасынын орун басары Аскар Сыдыков:

— Ишкерлердин мүлкүнүн коопсуздугуна ишеним жок. Алардын ар намысына шек келтирген жагдайлар көбөйтүп баратат. Укук коргоо, фискалдык жана сот органдарынын адилетсиз мамилеси уланып келе жатат. Ишкерлер бизнестин келечегине үмүт артпай калышты. Укук коргоо органдарына арыз түшөт. Бирок алар тиешелүү деңгээлде текшербей туруп соттук өндүрүштү козгошот. Айталы, ишкер салыктарды төлөбөгөн болсо, Салык кызматына кайрылат. Салык кызматкери коркуп-үркүп кошумча салык төлөтүү боюнча акт түзөт. Ишкер кошумча салыкты укук коргоо органынын атайын эсебине которот, болбосо камакка алынат. Ал каражаттын белгилүү бөлүгү ошол мекемеде калат да, калган бөлүгү бирдиктүү депозиттик эсепке түшөт. Мындайда укук коргоо органдарынын жыйынтыгы «ушунча каражат түштү» деп жакшы чыгат. Алардын арасында бул боюнча атаандаштык жаралууда. Ошондуктан бирдиктүү депозиттик эсептин токтомунан бизнеске тийиштүү болгон жоболорду алып салуу керек. Ишкер кысымдарга моюн бербей сотко кайрылса, анда да көп учурда адилеттик таппайт. Анткени судьялар да ишти мамлекеттин кызыкчылыгына чечет, — деп маалымат берди .

Сыдыков эгерде жогоруда аталган көйгөйлөр чечилбесе, капитал сытка чыгып кетет, өнүгүүгө болгон инвестициялар кыскартылат, жаңы инвестициялар азаят, ишкерлер көмүскөгө кирип, арбитраждык талаштар артаарын айтат:

— 2018-жылы 18.9 млрд сом кошумча салык эсептелген. Ал эми өлкөдө бардык ишканалардын кирешеси 29.7 млрд сом. Кошумча салыктар кирешенин 64%ын түзөт. Демек, биз ишканалардын кирешесинин жарымынан көбүн алып коюудабыз. Алардын иши илгерилибей жабылат же көмүскө иш жүргүзө башташат. Чара көрбөй жүрө берсек, кирешелер «критикалык» деңгээлге түшүп калышы мүмкүн. Салык кызматы көз карандысыз иш алып барышы керек. Бийлик бутактарынын күчтөрүн бизнести коргоого багыттоо зарыл. Сот чечимисиз бюджетти толуктоону токтотуу. Кылмыштар жана укук бузуулардын бир бөлүгүн декриминалдаштаруу кажет. Укук коргоо жана сот органдарын бюджетти толтурууга эмес, ишкердикти коргоого багыттоо керек. Ошондой эле инвестициялар жөнүндө мыйзамдарды комплекстүү түрдө талдап, эл аралык тажрыйбанын негизинде сунуштарды иштеп чыгуу керек. 

Өткөн жылы баары болуп, ишкердик субъекттерге карата укук коргоо органдары тарабынан 1258 текшерүү боюнча өтүнүчтөр келип түшкөн. Алардын ичинен прокурорлор тарабынан 1183 текшерүү катталып, 75и учурда каттоодон баш тартылган. Бул көрсөткүчтөр 2019-жылы Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестери ишке киргизилгенине байланыштуу 2018-жылга салыштырмалуу дээрлик 48%га азайган. Бул боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Өткүрбек Жамшитов кабарлады.

Жамшитов ишкерлердин укугун коргоо прокуратура органдары үчүн да маанилүү экенин белгилеп, укук коргоо органдары тарабынан ишкердиктин субъектилеринин ортосундагы жарандык талаш-тартыштарына кийлигишүүсүнө, аларды негизсиз текшерүүсүнө, тергөө амалдарын жүргүзүү менен ишкерди камакка алуусуна, имаратында тинтүү, буюм жана документтерди алып коюу жүргүзүлүшүнө, мүлкүнө жана банктагы эсебине камак салынышына бөгөт коё турган чаралар боюнча өзгөртүүлөрдү сунуштады.

— Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2018-жылы ишкердик субъекттерге карата 425 жазык иши козголгон. Тергөөнүн жыйынтыгында 231 адамга карата 207 жазык иши соттун кароосуна жиберилип, 265 иш өндүрүштөн кыскартылган. Ал эми өткөн жылы 244 адамга карата 173 жазык иши соттун кароосуна жиберилип, 265 иш өндүрүштөн кыскартылган. Ошол себептен ишкердик субъекттердин укугун коргоо боюнча кошумча механизмдерди киргизүү, жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоого алуу маселесин мыйзамдык тартипте жөнгө салуу тууралуу, ченемдик-укуктук актыларга, анын ичинен Жазык-процесстик кодекске, укук коргоо органдарынын статусун жөнгө салган тармактык мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүүнү демилгелейбиз.

Докладдар окулуп бүткөн соң, отурум катышуучулардын сунушу менен улантылды. Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев региондордогу ишкерлерге бөлүнгөн 2 млрд сом ишкерлерге жетпей эле банк аркылуу кардарларга берилип жатканын сынга алды:

— Бизде бюджеттен акча бөлүнүп, жеке ишкер алат. Текшерүүчү органдын баары жеке ишкерге асылып калат. Акча берилип жатканда мамлекеттик кызматкердин да жоопкерчилиги жок. Бардык жүк ишкерге жүктөлөт. Мындан сырткары, азыр Экономика министрлиги ишкерлерге карата жактоочулук функциясын аткарбай калды. Алсак, салык мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча көп ишкерлерден нааразычылыктар чыгып жатат. 

Мындан сырткары, ишкерлерди көп учурда негизсиз текшерүүлөрдү жоюу үчүн укук коргоо жана башка органдардын ишмердигин эл аралык жана башка көз карандасыз рейтингдерге байланыштыруу сунуштады. Ошондой эле ишкерлерге айыппулдарды жазып бербей, ишканалардын рейтинг системасын киргизүү демилгеленди.

Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев көмүскө экономиканы кыскартуу батыгында:

— Ишкерлер банктан насыя аларда салыктарды төлөгөндүгү боюнча акыркы 3 жылдагы маалымкаттары талап кылынса, ишкерлердин бизнестеги жүзү айкын болмок. Бул багытта банктар Салык кызматы менен бирге иштешсе эффективдүү натыйжалар күтүлөт эле. Эркин экономикалык аймактардын өнүктүрүүсүнө кооперативдик ыкманы колдонулуп, кооперативдүү башкаруу кирсе да жакшы болмок, — деп өз оюн билдирди. 

Жыйын соңунда президент Сооронбай Жээнбеков инвесторлор үчүн бирдиктүү терезени ишке киргизүү, инвесторлордун таржымакалын сурамжылоону колго алуу, өндүрүш зоналарын түзүү, эркин индустриалдык зоналар боюнча жаңы мыйзам базасын сунуштоо, салыктык процедураларды фискалдаштыруу, лицензия жана уруксат алууну автоматташтыруу, курулушка уруксат берүү жана экспертиза чөйрөсүндө бирдиктүү терезе принцибин ишке киргизүү милдеттерин койду.

Бул талаптар жана Комитеттин өткөн отурумундагы чечимдерин аткарылышын анализдеп, кийинки отурумга киргизүү үчүн Катчылыкка тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM