Биз менен байланышыңыз

Лейлектеги ок атышууда жаракат алган чек арачы комадан чыкты

Кыска кабар | 30 Сен 2019 | 1307 | 0

Лейлек районунун кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жарадар болгон чек арачы комадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

«Аскер кызматкери эсине келди. Абалы орто. Өз алдынча тамактана баштады. Улуттук госпиталда дагы 2 чек арачы дарыланууда, алардын абалы канааттандыраарлык», — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланып жаткан 5 чек арачы аскердик госпиталга которулган. Аталган борбордо бир жабырлануучу дарыланууда. Калгандары үйлөрүнө чыгарылган.

16-сентябрда Лейлек районунун Тажикстан менен чек арадагы Максат айылында эки өлкөнүн чек ара аскерлеринин ортосунда ок атышуу болгон. Анда кыргыз тараптан 1 аскер кызматкери каза таап, 13 киши жаракат алышкан. Алардын арасында өспүрүм да болгон.

Буга байланыштуу 17-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нааразычылык нота жиберген.

Copyright © 2017 Maral FM