Биз менен байланышыңыз

Бабанов Москвага учуп кетти

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 692 | 0

Парламенттеги «Республика — Ата-Журт» фракциясынын мурдагы башчысы Өмүрбек Бабанов Москвага учуп кетти. Бул маалыматты анын партиясынан ырасташты.

Орусияга бүгүн сапар тарткан Бабановду партиялаштары коштоп кеткени айтылат. Анын Москвага эмне максатта барганы боюнча маалымат айтыла элек.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо ат салышып, экинчиде калган.

Көп өтпөй ага улут аралык кастыкты козутуу жана мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча шектелип, кылмыш иши козголгон. Ага байланыштуу Бабанов өлкөдөн сыртка чыгып кеткен. 9-августта кайра мекенине келген. Москвадан келгенден кийин ал УКМК, каржы полициясына сурак берген.

Copyright © 2017 Maral FM