Биз менен байланышыңыз

«Андрей Малахов кыргыздардан кечирим сурасын»

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 930 | 0

«Колбаса королу» атыккан орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александрдын автокырсыкка учурап каза болгон жагдайы Андрей Малаховдун «Түз эфир» телеберүүсүндө талкууланды.  Талкуу учурунда алып баруучу Андрей Малахов кырсыкты «кокустук эмес, атайын уюшулган» деп, бир тараптуу күнөөлөп чыкты.

Анын өлүмүнө Москвада таксист болуп иштеген кыргызстандык жаран Исламбек Акбаров күнөөлүү экенин видеокамерадан көрүп, атайын пландалган иш экенин айтышты. Исламбек Акбаровдун адвокаты Алексей Касатовдун кокустук болушу мүмкүн деген версиясын катышкан коноктор кабыл алгысы келген жок.

Андрей Малахов:«Рулдагы чимкиригин тарта албаган 20 жаштагы бала жарым ай мурун башка өлкөдөн келип, такси айдап иштеп жүрөт. Аларга 100 000 доллар берсең, үй бүлөсүн, айылын, бүткүл туугандарын кубантат. Анткени, алар мынча акчаны таба албайт. Аларда айлык 10 доллар», – деп билдирди.

Малаховдун дал ушул сыяктуу кемсинткен сөздөрүнө ачууланган кыргызстандыктар андан кечирим сурашын талап кылып, өздүк баракчасына да, Ютуб каналына кайрылуу жасап жатышат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM