Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Индонезия, Тайланд, Вьетнамдан 32 мекендешибиз алынып келинди

Кыска кабар | 19 Апр 2020 | 753 | 0

14-апрелден 18-апрелге чейин Тышкы иштер министрлиги Индонезия (Бали), Тайланд (Бангкок) жана Вьетнамдан (Ханой)  32 мекендешибизди Кыргызстанга алып келди. Министрлик бул ишти Казакстан, Малайзия, Түштүк Корея өлкөлөрүндөгү кыргыз элчиликтери жана Казакстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдук менен биргеликте жүзөгө ашырган.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.

Мекендештерди алып келүүгө Казакстан Өкмөтү да көмөк көрсөткөн. Анда чартердик каттам «Бангкок — Денпасар — Ханой — Усть-Каменогорск» маршруту боюнча уюштурулган, — деп белгилешти ТИМден.

Казак тараптын койгон шарттарына ылайык, кыргызстандыктар алгач Усть-Каменогорск шаарына келип, жергиликтүү санаторийге эки күнгө текшерүүгө киргизилген. Андан соң атайын уюштурулган транспорт менен Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда мекенге алып келинген.

Азыркы тапта чет өлкөлөрдөн келген мекендештер белгиленген тартипте медициналык мекемелердин бирине обсервацияга жаткырылды. Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды алып келүүнү уюштуруу иштери уланууда, — деп айтылат маалыматта.

Жакында эле Түркиянын Стамбул шаарынан атайын каттам менен 212 кыргызстандык мекенине кайтарылган.

ТИМ жакынкы күндөрү Бириккен Араб Эмираттарындагы кыргызстандыктар да алынып келинерин кабарлаган.

Copyright © 2017 Maral FM