Connect with us

Ухань шаарынан 18 кыргызстандык атайын борт менен алынып келинди

Кыска кабар | 2 Фев 2020 | 2988 | 0

Бүгүн, 2-февралда Кытайдын Ухань шаарынан 18 кыргызстандык жаран атайын борт менен Нур-Султан шаарына, андан соң Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аларды алып келүүгө казак тарап көмөктөштү.

Келгендердин баардыгы тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлүп, Бишкектин четиндеги атайын даярдалган инфекциялык ооруканага жаткырылды.

Оорукана инфекциялык коопсуздукту камсыздаган атайын лабороториялык жана дарылоочу каражаттар менен жабдылган. Карантин убагында алар менен атайын дарыгерлер гана иш алып барат.

Эске салсак, бүгүн Казакстандын ыкчам медицина боюнча Улуттук координациялык борбору Кытайдагы 83 жаранын эвакуациялады. Алардын сексени Кытайдын Ухань шаарында окуган студенттер.

Учурда дүйнө жүзүндө коронавирус катталган өлкөлөр 27ге жетти. Ал эми коронавирусту жуктургандардын саны 13 миңди түзөт. Аталган вирустан 300дөн ашык адам көз жумганы айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM