Биз менен байланышыңыз

Лондондо Назарбаевдин небересинин соту уланууда

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Сен 2019 | 701 | 0

Лондондо Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаевдин соттук иштери уланууда.

Айсултан Назарбаев 3-июнда коноктордун бирин көтөрүп алып, балкондон өзүн таштоого аракет кылган. Прокурордун айтымына караганда, 2 күндөн соң баңгизат колдонгон абалда полиция кызматкерин тиштеп алган. Колунан кан кеткен кызматкер Айсултанга каршы электрошокер колдонгон.

Ошондой эле Лондон соту Айсултан тергөө менен келишип, күнөөсүн мойнуна алууга макул болгон.

Ал эми Айсултандын достору, тааныштары бул окуя боюнча башкача версияны айтышууда. Алардын айтымында, Назарбаевдин небереси үйдүн эшиги жабылып калгандыктан, балкон аркылуу кирүүгө аракет кылган. Кошуналар аны ууру деп ойлошуп, милиция чакырышкан. Полициялар аны «кытайлык мигрант» катары кабыл алышкан жана полицияны тиштеген себеби, өзүн-өзү коргоо аракети болгон. Айсултан Казакстанга кетүү үчүн жана тергөөнүн эртерээк бүтүүсү үчүн тергөөчүлөр менен иштешип, күнөөсүн мойнуна алууга макул болгон.

Лондон соту Айсултан Назарбаевди «баңгизатка көз каранды бейтаптар эмделүүчү ооруканада дарылануу» шарты менен бошоткон болчу.

Маалыматтарга ылайык, Айсултан күнөөсүн мойнуна алган. Анын жазасы 18-октябрда уктурулат.

29 жаштагы Айсултан Назарбаев Казакстандын эл башы, экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дариганын уулу.

 

 

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM