Биз менен байланышыңыз

ТИМ башчысы Айдарбеков АКШнын Колумбия университетинде дарс окуду

Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 958 | 0

23-сентябрда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясына катышуунун алкагында Колумбия Университетинин Эл аралык жана коомдук мамилелер мектебинде «Борбордук Азиядагы жана тышкаркы чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү багыттары: Кыргызстандын көз карашы» аттуу темада дарс окуду. Бул тууралуу аталган минстрликтин маалымат кызматы билдирди.

Айдарбеков өлкөбүздүн демократиялык жетишкендиктери жөнүндө айтып, Кыргызстанда жана аймакта болуп жаткан учурдагы маанилүү окуялар менен тааныштырды.

Борбордук Азияда болуп жаткан жагдайлар тууралуу, чек ара көйгөйлөрүн чечүү, суу-энергетика булактарын сарамжал пайдалануу, ошондой эле улуттук жана жалпы аймактык деңгээлдеги коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринде күч-аракеттерди бириктирүү жана ич ара келишимдерди тереңдетүү боюнча тараптардын жасап жаткан иштерин студенттерге жана катышуучуларга айтып берди.

Иш чараны Колумбия университетинин алдындагы Гарриман атындагы Орусия, Евразия жана Чыгыш Европаны изилдөө институнун директору А. Кули алып барды.

Дарстан кийин министр студенттердин жана жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берди.

Copyright © 2017 Maral FM