Биз менен байланышыңыз

Люксембургда Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды

Кыска кабар | 14 Фев 2020 | 678 | 0

Люксембург өлкөсүндө Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды. Консулдуктун ачылуу аземи кечээ, 13-февралда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Люксембург Жогорку Герцогствосуна жасаган сапарынын алкагында болду.

Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти кабарлады.

Өлкөнүн Люксембургдагы Ардактуу консулу болуп Франк Вагнер мырза дайындалды. Ал ардактуу консул катары өз жумушунун, атап айтканда, Люксембургда жашаган Кыргызстандын жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө, Кыргызстандын туристтик дараметин илгерилетүү боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Министр Айдарбеков Франк Вагнерге тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана биргелешкен аракеттер аркылуу Кыргызстан менен Люксембургдун ортосундагы кызматташтыкты бардык приоритеттүү жана өз ара пайдалуу багыттар боюнча  мындан дагы жогорку деңгээлге алып чыгат деген ишенимин билдирди.

Ачылышка ошондой эле Кыргызстандын Люксембургдагы элчиси М.Жумалиев жана Люксембургда жашаган мекендештер катышты.

Люксембургдун билим берүү, маданият, финансы, экологиялык курулуш чөйрөлөрүндөгү алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен бул багыттар Кыргыз Республикасы менен кызматташуу үчүн байланышты илгерилетүүдө Ардактуу консулдун ишмердүүлүгүндөгү маанилүү багыттар катары белгиленди.

Ушул эле күнү министр Айдарбеков Люксембург Жогорку Герцогствосунун борбор шаарында жакында ачылган Чыңгыз Айтматов атындагы көчөгө барды.

Copyright © 2017 Maral FM