Биз менен байланышыңыз

«Борбордук Азия – Европа Биримдиги: жашыл экономикадагы өнөктөштүк» форуму өтөт

Кыска кабар | 14 Фев 2020 | 539 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европа Биримдигинин институттарына жумушчу сапарынын алкагында, Брюссель шаарында европалык тараптын чакыруусу боюнча курчап турган чөйрө жана климаттын өзгөрүшү боюнча Европа Биримдиги – Борбордук Азия Жумушчу тобунун 9-отурумунун ачылышында ардактуу конок катары сөз сүйлөдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат департаменти билдирди.

Өз сөзүндө Айдарбеков жалпысынан Кыргызстанда жана Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшүнүн байкалып жаткан терс кесепеттери, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча өлкө көрүп жакан чаралар, анын ичинде, өзгөчө орунду ээлеген «жашыл» экономиканы өнүктүрүү тууралуу отурумдун катышуучуларына маалымдады.

Ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө жана ага таасир этүүгө, атап айтканда, мөңгүлөрдүн эришине, уран калдык сактагычтарын реабилитациялоого байланышкан көйгөлөрдү практикалык чечүү үчүн өлкөдө экологиялык дипломатия боюнча күч аракеттердин күчтөндүрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Кыргызстандын БУУнун Туруктуу Өнүгүү Максаттарын жана Париж келишимин жактай тургандыгын тастыктады жана аларды ишке ашырууга өлкөлөрдү чакырды.

Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жана анын кесепеттерине ыңгайлашууда өз ара аракеттенүүнүн бардык деңгээлдеринде мамлекеттердин, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык сектордун, бизнес-коомчулуктун күч аракеттерин консолидациялоонун маанилүүлүгүн айтты.

Европа Биримдиги менен Борбордук Азиянын кызматташтык концепциясын ишке ашыруунун алкагында 2020-жылы жайында Бишкекте «Борбордук Азия – Европа Биримдиги: жашыл экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк аракетте» аталышында Биринчи экономикалык форум болорун министр кабарлады. Бардык кызыкдар тараптарды форумга катышууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM