Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Непалдагы консулу кармалды

Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 1057 | 1

Непалда Кыргызстандын ардактуу консулу Сунил Агарвал кармалды. Ал көмүскө рынокто коронавируска карата дене табын өлчөгөн аппараттарды спекуляциялык негизде сатып жүргөн деген шек менен кармалган. Бул тууралуу жергиликтүү The Hilmayan Times басылмасы жазып чыкты.

Полиция аны кармоо үчүн керектөөчү катары байланышка чыккан. Ал сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин белгиленген жайга Mitsubishi үлгүсүндөгү унаа менен келген. Анда Кыргыз өлкөсүнүн дипломатиялык номери болгону жазылат маалыматта.

Сулав Агарвал ал учурда сатып алуучу катары сүйлөшкөн полицияга 67 даана термометр менен келген. Коронавирус учурунда дене табын текшерген бул термометрлерди 15 миң рупийге сата турганын айткан. Бул баа анын чекене баасынан 3 эсе жогору.

Ага ылайык, бул боюнча учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Эгерде анын күнөөсү далилденсе, 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал термометрлерди ички рыноктон сатып алдым деген көрсөтмө берип жатканы кошумчаланат басылмалар жарыялаган маалыматта.

Агарвал курулуш каражаттарын чыгарган Непалдагы эң ири «Shanker Group» компаниясынын вице-төрагасы.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги Непалдан ардактуу консулдун кармалганы боюнча расмий билдирүү келип түшө электигин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM