Улуттук көчмөндөр оюндарына бюджеттен 50 млн сом бөлүнгөн, анын 30 млн сому ат майдандын курулушуна, 2 млн сом «Манас Ордо» комплексин оңдоого, 12 млн сом оюндун расмий бөлүгүнө жана 6 млн сом спорт тармагына жумшалган. Бул тууралуу маалымат жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.
Министр ошондой эле «Манас Ордо» комплексинде оңдоп-түзөө иштери болгонун кошумчалады.
«Талас облусунда ат майдан курулду, көчөлөргө жарык берилди. «Манас Ордо» тарыхый комплекси жаңыртылды. Ал жерде 1995-жылдан бери эч кандай оңдоп-түзөө иштери болгон эмес«, — деди Жаманкулов.