Биз менен байланышыңыз

Жаманкулов: Улуттук көчмөндөр оюндарына бюджеттен 50 млн сом бөлүнгөн

Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 621 | 0

Улуттук көчмөндөр оюндарына бюджеттен 50 млн сом бөлүнгөн, анын 30 млн сому ат майдандын курулушуна, 2 млн сом «Манас Ордо» комплексин оңдоого, 12 млн сом оюндун расмий бөлүгүнө жана 6 млн сом спорт тармагына жумшалган. Бул тууралуу маалымат жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Министр ошондой эле «Манас Ордо» комплексинде оңдоп-түзөө иштери болгонун кошумчалады.

«Талас облусунда ат майдан курулду, көчөлөргө жарык берилди. «Манас Ордо» тарыхый комплекси жаңыртылды. Ал жерде 1995-жылдан бери эч кандай оңдоп-түзөө иштери болгон эмес«, — деди Жаманкулов.

Copyright © 2017 Maral FM