Биз менен байланышыңыз

Юрий Бобков: Чет өлкөнүн атактуу ырчыларын кыргызча ырдаткан фестиваль уюштурам

Кыргыз Эл артисти, легендарлуу «Досум Үсөн» эстрадалык тобунун жетекчиси, учурдагы «Ырдайлы кыргыз ырларын» долбоорунун жетекчиси, эне тилибиздин өсүшүнө эбегейсиз салым кошуп, кыргыздын уулу аталган Юрий Бобков Мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгына карата «Марал-шоу» программасына конокто болушту.

Эки жылдан бери Чеченстанга даярданып жатканбыз. Май айында барууну мерчемдеген элек. Бирок кандайдыр бир себептер менен ишке ашпай калды. Эми болсо кайра даярдануудабыз. Негизги максатыбыз: кыргыздын чыгармачылыгын, маданиятын көрсөтүп, ырларын тартуулоо. Ошону менен бирге, менин окуучуларымдын арасынан чеченче ырдагандары да жок эмес. Ал жакка барганда, чечен тилинде бир ыр, кыргыз тилинде бир ыр ырдайлы деп жатабыз.

Көп эле фестивалдарга катышып жүрөм. Анан кыргыз жергесине да ошондой дүйнөлүк сынак уюштурсам деген ниетим бар. Маселен, Дима Билан, Таркан дагы ушул сыяктуу көптөгөн ырчылар келип, өз тилинде бир ыр, кыргыз тилинде бир ыр ырдап берсе деп ойлойм.

Үчүнчү тилегим, театр-студия ачуу. Себеби, биздин долбоордун катышуучуларынын баарынын актёрдук чеберчилиги жакшы. Буга бир эле мисал, биз жыл сайын «Көгүлтүр отубузда» кандайдыр бир кинону алып, өзүбүздүн көз карашыбыз менен тартабыз. Муну менен чектелип калбай, ар улуттагы таланттуу инсандар кыргыз тилинде спектакль койсо дейм.

 

Copyright © 2017 Maral FM