Биз менен байланышыңыз

Лейлектеги ок атышууда комага түшкөн жаранга Бишкекте операция жасалды

Кыска кабар | 23 Сен 2019 | 431 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жарадар болуп, Лейлек аймактык ооруканасында дарыланып жатышкан 3 жаран Бишкекке алынып келинди. Бул кабарды Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев «Маралга» билдирди.

Комада жаткан 27 жаштагы жаранга келери менен операция жасалды. Бүгүнкү күндө абалы оор, дагы эле комадан чыга элек. Бирок айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар.

Лейлектин Тажикстан менен чек арада ок атышуу болуп, жаракат алгандар 20-сентябрь күнү Бишкектеги Улуттук госпиталга алынып келинген.

«Алынып келинген 2 жарандын абалы орто бирок оор. Ал эми комада жаткан 27 жаштагы К.К. аттуу жаранга келери менен операция жасалды. Бүгүнкү күндө абалы оор. Комада, бирок айыгып кетет деп бааланууда», — деп билдирди Мадамин Каратаев.

16-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында ок атылып, 41 жаштагы чек арачы Равшан Муминов каза болгон. Мындан тышкары, дагы 13 жаран жаракат алган. Ал эми жаракат алгандардын ону тик учак менен Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алынып келинген. Башкы прокуратура каза болгон чек арачынын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгогон.

Copyright © 2017 Maral FM