Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Баткен үчүн өзүнчө өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Сен 2019 | 577 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев «Маралга» берген маегинде Баткен облусу үчүн өзүнчө мамлекеттик өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, Баткенде ички саясатты туура жүргүзүп, элдин жашоо-турмушу оңдолбосо, чыр уланып, жарандар Чүй тарапка көчүп кете берет. Мындан улам Баткен облусун өнүктүрүү боюнча комиссия түзүп, өзгөчө макам берүү зарыл.

Төрөбаев тажиктерге каршы рычагдарды колдонууда кыргыз элинин кызыкчылыгын эске алуу керек экенин белгиледи.

«Анткени, кыргыздар айыл чарба продукцияларын сатышат. Чырдан баатыр болбош керек. Бишкекте отурган аткаминерлердин баары эле, «жерди берели» деп ойлоп жатат дейсиңерби? Андай эмес, экинчи тарап менен макулдашуу жолу аркылуу жерди сактап калуу оюндабыз. Чек арага чектеш аймактарга макам берүү туура болгон. Мындай аймактардын маселесин комплекстүү түрдө карайбыз», — дейт эл өкүлү.

Ал мындан сырткары, Ак-Сай-Тамдык жолу оор шартта курулуп жатканын белгилеп, ал жолду кыргыз тарап да, тажиктер да колдонорун кошумчалады.

Кечээ, 19-сентябрда Жогорку Кеӊеш кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча өкмөттүн маалыматын жабык эшик артында уккан.

Кыргыз-тажик чек арасы жабык каралды. Эмнелер айтылды?

Copyright © 2017 Maral FM