Жогорку Кеӊеш кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча өкмөттүн маалыматын жабык эшик артында укту. Жыйын бүткөндөн кийин журналисттер менен кыска маектешкен айрым депутаттардын айтымында, өкмөт чек арадагы кырдаал жана тажик тарап менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берген. Ал эми эл өкүлдөрү окуя кайталанбашы үчүн кыска убакта чечүү жолдорун сунушташкан.
Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда болгон чыр, куралдуу кагылыш боюнча өкмөттүн маалыматын жабык угуу сунушун төрага Дастан Жумабеков көтөрүп, эл өкүлдөрү колдоп беришти. Төрага мунун себебин, «Ачыкталбашы керек болгон купуя сырлар да болушу мүмкүн», — деген жүйө менен түшүндүрдү.
Жыйындан кийин танаписке чыккан эл өкүлдөрү айтылууга уруксат болгон маалыматтарды журналисттер менен бөлүшүп жатышты.
Шыкмаматов: Көйгөй көп экен
«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов тажик тарап чек арадагы курулуштарын токтотконун маалымдап, премьер-министрден уккандарын кыскача айтып берди.
— Эки мамлекеттин ортосундагы келишимдердин аткарылышы боюнча маселелер бар экен. Обьективдүү, субьективдүү жактары да айтылды. Маселенин көпчүлүгү тажик жарандары кыргыздардан 50гө жакын үй сатып алып, анан «Бул биздин жер», — деп доомат койгонунан чыгып жатыптыр. Эми ал өлкө аралык сүйлөшүүлөр менен чечилет. Бул маселе биздин Башмыйзам боюнча Өкмөт башчыга жүктөлсө, Тажикстанда президенттин колунда экен.
Тажик тарап мурда баштаган курулушун бүгүн кечке калбай бузуп кетиши керек
«Сүйлөшүү учурунда талаш көп болду»
17-сентябрда Тажикстандын Согди облусунун Гафур районуна караштуу Овчи-Калача калктуу конушунда кыргыз жана тажик чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөн.
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев тажик кесиптеши менен кыргыз-тажик чек арасындагы кооптуу абалды турукташтыруу маселесин талкууга алып, мындан сырткары, бирдиктүү иш алып баруу маселесин иштеп чыгышканын маалымдады. Анын кошумчалашынча, эки тарап 14-сентябрга чейинки мамилеге кайтууга келишишкен.
— 16-сентябрда чырды токтотуу маселеси боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр, жагдайды жөнгө салуу боюнча иш-чаралар жүрдү. 17-18-сентябрда тынымсыз сүйлөшүүлөр жүрүп, талаш-тартыштар болду. Эки тарап тең өз дооматыбызды айтып, талаптарыбызды койдук. Эки элди ынтымакка тартуу боюнча сүйлөшүлдү. Чек араны тактоо Чек ара кызматынын карамагына кирбейт. Чек араны тактоо иштерин тездетүү сунушун бердик. Тактоо иши бүтмөйүнчө ушундай окуялар боло берет деген коркунуч бар.
Лейлек: Эки өлкөнүн чек ара башчылары жолугушту
«Күтүүсүз жагдайлардын алдын алууда алсызбыз»
Чек арадагы коопсуздукту камсыздашы керек болгон кадрлардын деңгээли төмөн болууда. Ошондуктан, 16-сентябрдагыдай окуяларды алдын алуу тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатат. Депутат Карамат Орозова өкмөткө бул жагдай боюнча тапшырмалар берилип, иш билбегендер менен чек ара маселеси чечилбесин эскерткен.
-Биздин эң негизги катачылыгыбыз — ушундай окуяны болтурбай, алдын алууда алсыздыгыбыз. Өкмөтүбүз: «Биз канчалаган акча каражатын карап берип жатабыз», — деп айтып жатат. Социалдык абалын жакшыртуу боюнча 400 миллион сомго жакын акча бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө жолдор бүтүп жатат. Бирок эң негизгиси коопсуздук болуп жатат. Бизде ушул багытта кадрларды дайындоо маселесин Өкмөт башчы чечиши керек. Болбосо, чек ара боюнча сүйлөшүүлөр акырына чейин чыкпайт деген ойдомун.
Төрөбаев: Комиссияга макам берүү маселеси көтөрүлдү
Баткен чек арасын чечүү үчүн мамлекеттик стратегия иштеп чыгуу зарыл. Мисалы, чек ара кызматын Баткенге көчүрүү керек. Мындай пикирин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын кошумчалашынча, алаканы жакшыртууда элдик дипломатияны колдонуу зарыл.
— Өкмөт чыр болуп жаткан жерде алдын алуу иштерин жүргүзгөн эмес. Анткени, чыр былтыртан баштап болуп келатат. Акыры ок атышуу менен аяктап жатат. Биздин комиссия начар, оперативдүү иштебегенин мойнубузга алышыбыз керек. Маалыматтар жетишсиз, контраргументтер жок. Парламент жыйынында комиссияга макам берүү маселеси көтөрүлдү. Агенттик же комитет болобу, азырынча билбейм. Ал чек ара маселеси боюнча гана иштеши керек. Мамлекеттик стратегияны иштеп чыгуубуз зарыл. Баткен чек арасы боюнча, чектеш айылдардын, элдин социалдык-экономикалык абалы боюнча кандай иш-чараларды өткөрөбүз? Балким электроэнергиянын тарифтерин өзгөртөрбүз, же салык жагын карайт чыгарбыз, же чек арага жакын элди көчүрөрбүз, же үй куруп берербиз. Бул жерде ошондой эле чек ара кызматын Баткенге көчүрүү боюнча ойлор айтылды. Мен элдик дипломатияны колдонуу керектигин белгиледим.
Белгилей кетсек, 16-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылында жайгашкан кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш болгон. Анын жүрүшүндө бир чек арачы каза таап, 7 жоокер менен 6 жай тургун жаракат алган. Ошондон улам депутаттар тобу менен Өкмөт башчы баштаган күч органдарынын жетекчилери кырдаал боюнча жеринен кабар алып, тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.
Чек ара: Максат айылынын эли үйлөрүнө кайтып жатышат
Өкмөттүн Баткендеги өкүлү чек арадагы абалга байланыштуу кеңешме өткөрдү