Биз менен байланышыңыз

Тажик тарап мурда баштаган курулушун бүгүн кечке калбай бузуп кетиши керек

Кыска кабар | 19 Сен 2019 | 703 | 0

Тажикстан Кыргызстан менен чектешкен, тактала элек аймакка баштаган курулушун токтотуп, бузмай болду. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров маалымат каражаттарына айтты.

Ал: «Сүйлөшүүгө ылайык, тажик тарап буга чейин баштаган курулуштарын жакынкы 20 сааттын ичинде кайра бузушу керек», — деди.

Эске сала кетсек, тажик тарап 16-сентябрда Баткен облусу менен чек арадагы талаш жараткан төрт жерге бир учурда курулуш баштаган.

Анын натыйжасында, тажик-кыргыз чек арачылары атышууга чейин барып, 1 кыргыз чек ара кызматкери каза болгон. Дагы көптөгөн аскерлер, адамдар жаракат алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM