Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Максат айылынын эли үйлөрүнө кайтып жатышат

Кыска кабар | 19 Сен 2019 | 804 | 0

Ок атышуу болгон учурда коопсуз жактарга көчкөн Лейлек районунун Максат айылынын эли кайра айылына келип жатышат. Бул тууралуу Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев «Маралга» билдирди.

«Учурда качкан элдин жүздөн ашыгы айылына келди. Бүгүн дагы башкалардын баарына кабар берип жатам келгиле деп. Мектепте окуу башталды. Банктар иштеп жатат. Учурда айылда абал туруктуу«, — дейт айыл башчы.

Эске салсак, 16-сентябрда Лейлек районунун тажиктер менен чек арада жайгашкан Максат айлында эки тараптуу ок атышуу болгон. Анын кесепетинен бир чек ара кызматкери каза болуп, 13 адам жаракат алган. Алардан ону Бишкекке жеткирилип, учурда дарылануусу уланып жатат. Дагы үчөө Лейлек аймактык ооруканасында дарыланууда. Экөөсүнүн абалы оор, ал эми дагы биринин абалы өтө оор экени айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM