Биз менен байланышыңыз

Лейлек: Эки өлкөнүн чек ара башчылары жолугушту

Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 684 | 2

Бүгүн, 17-сентябрда Тажикстандын Согди облусунун Гафур районуна караштуу Овчи-Калача калктуу конушунда кыргыз жана тажик чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев жана  Тажикстан Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Раджабали Рахмонали мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндиги абалды, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максаттагы чек аранын  тилкесиндеги кооптуу абалды турукташтыруу маселесин  талкууга алышып, мындан сырткары, бирдиктүү иш алып баруу маселесин иштеп чыгышты.

Жакынкы сааттарда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз  алдынча башкаруу органдарынын  өкүлдөрүнүн ортосунда эки тараптын сүйлөшүүлөрү жүргүзүлөт.

2 пикир

2 пикир

  1. Жоробек

    18.09.2019 01:21

    Тажиктен жакшылык күтүүгө болбойт булар кошуна деген атка татыктуу эмес

  2. Токур

    23.09.2019 18:44

    Уйлордун тажик жарандары кантип алышкан? Ким купли продажаны докумннтештирген?
    Мен этникалык, туулуп оскон кыргызмын, акча иштеп уй алам деп аргасыздан россиянын жарандыгын алып уй сатып алсам 2012 жылы менин атыма жазганга болбойт деп, башка тууганыма жаздырганмын.
    Азыр кандай билбеймин, Келечекте Кыргызстанга барып жашаймын десем, убактылуу прописка,болбосо штраф.
    Кандай акмак жазган закон. Орустар башка олкодогу орустарга жардам берип, упращенный гражданства, жардам катары акчалай берип жатат. Биздин этникалык кыргыз, РФ жарганы болгону учун, эч нерсеге укугу жок, уйбулоосунун жарымы кыргыз жарганы, жарымы орус жарганы жумушун жоктугунан болуп жаткан убактылуу нерсе.
    Эгерде Россиянын жараны болгон кыргыздарга Кыргызстанда укук маселеси каралбаса, коп кыргыздар Россияда аргасыз калып кетет.
    Азыркы учурда Кыргызстанда жашап жаткан россиянын жарандары толтура миндеп саналат, эч нерсеге укугу жок шайлоого, мулк сатып алганга, оз уйундо убактылуу каттоодо.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM