Биз менен байланышыңыз

Нью-Йорк Зеленский менен Трамптын алгачкы жолугушуусуна даярданууда

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Сен 2019 | 558 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский менен АКШ президенти Дональд Трамп БУУнун кезектеги Башкы ассамблеясында жолугушат. Ак үй эки өлкө башчысынын жолугушуусуна даярданып жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүү учурунда Украинанын аймагын сактап, эгемендүү болуусуна АКШнын кошкон салымы, Зеленскийдин жемкордук менен күрөшүү аракети тууралуу сөз болот. Ошондой эле, Зеленский Вашингтон тараптан оозеки гана эмес, коргоо техникалары менен да колдоосу маанилүү экендигин белгилеген.

Белгилей кетсек, буга чейин Зеленский менен Трамп жекеме-жеке жолугушкан эмес. Мындай мүмкүнчүлүк 1-сентябрда Польшада өткөн II Дүйнөлүк согуштун 80 жылдыгына арналган мааракеде жаралган болчу. Зеленский бул салтанатка келгени менен, Дональд Трамп «Дориан» бороонунан улам иш сапардан баш тартууга туура келген.

Copyright © 2017 Maral FM